Дүйнө чемпионатынын финалы: Акжол реваншка камынууда – видео

Дүйнө чемпионатынын финалы: Акжол реваншка камынууда – видео

Бүгүн, 11-сентябрда кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) дүйнө чемпионатынын финалында алтын үчүн күрөшөт.

Финалда ал венгриялык балбан Золтан Леваи менен күч сынашат. Буга чейин ал венгриялык спортчу менен эки ирет килем үстүндө кез келишкен. Биринде Махмудов күчтүү чыкса, экинчисинде атаандашы жеңген.

Биринчи беттеш быйыл февраль айында Болгариядагы Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык мелдешинин алкагында болгон. Анда кыргызстандык балбан коло үчүн кармашта атаандашын 4:2 эсебинде утуп алган.

Ал эми экинчи беттеш жайында Польшадагы Poland Open мелдешинин алкагында өтүп, венгриялык балбан Махмудовду 6:0 эсебинде жеңген. Бул беттеште спорт күйөрмандарында калыстардын чечимине суроо жаралган.

Кечээ, 10-сентябрда Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына өткөндөн кийин алдыдагы кармашта реванш алууну көздөп жатканын айткан.

«Бүгүн (10-сентябрь – ред.) күрөшкөн дээрлик бардык атаандаштарым менен мурда-кийин кез келишип жүргөм. Эртең (11-сентябрь – ред.) Золтан Леваи менен реванш болот. Мен ага ирет жеңилип, бир ирет жеңгем. Бүт күч-аракетимди жумшап, кыргыздын духун көрсөткүм келет», — деген ал.

Эскерте кетсек, финалдык беттештер бүгүн, 11-сентябрда саат 22:00дө башталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>