Кыргызстанда жеңил өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2025-жылы 25 млрд сомго жеттиКытай АКШны Си Цзиньпин менен Трамптын келишимдерин бузду деп айыптадыАлкоголь өспүрүмдүн мээсине жана организмине кандай таасир этет — дарыгерлердин түшүндүрмөсүБишкекте эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды: жеңүүчүлөрдүн ысымдарыПакистандын ТИМи АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимге кол коюла турган күндү билдирдиКыргызстанда 2023-жылдан бери бөйрөк алмаштыруу боюнча 19 операция жасалды
Дүйнө чемпиондугу: Нурзат Нуртаева күмүш медаль тагынды
18.08.2022 | 23:11
Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Болгарияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Ушул күндөрү Болгарияда 20 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өтүүдө.
Нуртаева турнирди 17-августта 68 килограммга чейинки салмак категориясында баштап, анда 1/8 финалдык баскычтан старт алган.
Турнирдеги биринчи беттеште кыргызстандык кыз мөөнөтүнөн мурда Молдовадан келген спортчуну жеңип, андан кийин италиялыкты да ишенимдүү жеңип алды. Жарым финалда Нуртаева Германиялык спортчу менен беттешип, аны 6:3 эсебинде жеңип алды.
Финалдык беттеште Нуртаеванын атаандашы Япониянын өкүлү болду.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт