Бишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келдиМектеп окуучуларынын ата-энелеринен жылына 2,5 млрд сомго жакын акча чогултулат — депутатСалык кызматы: товарлардын калдыктарын байкоо жүргүзүү системасына киргизүү 1-октябрда аяктайтТаш-Рабатка алып бара турган унаа жолго асфальт төшөлүүдөБишкек — Ош каттамындагы орун тандоо үчүн кошумча акы алынганына депутат нааразы болду
Дүйнө чемпиондугу: Нурзат Нуртаева күмүш медаль тагынды
18.08.2022 | 23:11
Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Болгарияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Ушул күндөрү Болгарияда 20 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өтүүдө.
Нуртаева турнирди 17-августта 68 килограммга чейинки салмак категориясында баштап, анда 1/8 финалдык баскычтан старт алган.
Турнирдеги биринчи беттеште кыргызстандык кыз мөөнөтүнөн мурда Молдовадан келген спортчуну жеңип, андан кийин италиялыкты да ишенимдүү жеңип алды. Жарым финалда Нуртаева Германиялык спортчу менен беттешип, аны 6:3 эсебинде жеңип алды.
Финалдык беттеште Нуртаеванын атаандашы Япониянын өкүлү болду.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт