Дүйнөдө IT-Парк ачылып жатса, биз курултай өткөргөнү жатабыз, — депутат

Дүйнөдө IT-Парк ачылып жатса, биз курултай өткөргөнү жатабыз, — депутат

Шайлоодо бир дагы добуш албаган адамдарга элдин атынан сүйлөөгө ким укук берди? Мындай пикирин парламенттин депутаты Жанар Акаев бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинде Курултай боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, шайлоого катышпай, бир дагы добуш албаган адамдар өлкөнүн башкаруу саясатына кийлигишкени туура эмес.

Конституцияда жазалып калгандан кийин элдик курултай өтсүн. Бирок, алар жылына бир жолу гана президент менен жолугушууга келип, анын кайрылуусун угуп, тарап кетиши керек. Шайлоодо бир дагы добуш албаган адамдарга элдин атынан сүйлөөгө ким укук берди?  Эгер бул мыйзам кабыл алынса, анда Жогорку Кеңеш тарап кетишибиз керек. Дүйнөдө IT-Парктар ачылып жатса, биз курултай өткөргөнү жатабыз. 

Курултай боюнча мыйзам долбоорунда депутаттар делегат боло албайт деп жазылыптыр. Анан элдик курултайдын делегаттары 3 жылдык мөөнөткө шайланат деп жазылып турат. Курултайга мүчө болгондор акимдерди жана мэрлерди иштетпейт. Муну жумушка аласың деген үстөмдүктөр башталат. Айыл өкмөт, акимдер аларды кой союп тосуп ала тургандай абал түзүлөт. Ошондуктан алар 3 жылга шайланбашы керек. Бир жылга гана шайланып, андан кийин тарап кетиши керек”, — деди Акаев.

Ошондой эле депутат Курултайдын өкүлү жылына бир жолу гана шайланып, кийинки жылы ал кайра шайланбашы керектигин сунуштады.

Аталган мыйзам долбоорун түзүү боюнча атайын жумушчу топко 11 киши мүчө болгон. Аны президент Садыр Жапаров демилгелеген.

Тэги: курултай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>