КРде жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыгат2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар инвестиция тартылган7-ноябрда өлкөдө күн ачык жана жылуу болот«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндөАрабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттүКоомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайтты
Дүйнөдөгү алдынкы бренддердин катарына кирген кыргыз ичимдиктери Кытайда сатылууда
27.05.2021 | 17:24
“Настроение V” жана “Maaнай V” маркаларындагы алкоголдук ичимдиктердин биринчи партиясы Кытайга “Кур жана жол” демилгесинин алкагында экспорттолгон. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен билдиришти.
Учурда “Ордос” аймагына Кыргызстандан 10 тонна жогорку сапаттагы продукция жеткирилген. Товар Цзянсу, Чжэцзян, Гуандун, Түндүк-Чыгыш жана Кытайдын башка аймактарына жөнөтүлөт.
Бул жылы ата мекендик “Mаанай V” бренди International Spirits Challenge 2021 (Улуу Британия) сынакта алтын алгандыгы белгиленди.