Дүйнөдөгү эң бай 5 адамдын тизмеси

Дүйнөдөгү эң бай 5 адамдын тизмеси

Индиялык миллиардер Гаутам Адани байлыгы боюнча америкалык миллиардер Билл Гейтстен ашып, дүйнөдөгү төртүнчү эң бай адам болуп калды, деп жазат Bloomberg Billionaires Index.

Азыркы тапта индиялык миллиардердин “капчыгында” 115,5 млрд доллар бар. Ал эми Билл Гейтстин байлыгы учурда 105,3 млрд доллар деп бааланат.

Белгилей кетсек, жакында эле Гейтс кайрымдуулук үчүн дээрлик байлыгынын баарын жумшай турганын билдирип, аны менен бирге эң бай адамдардын тизмесинен чыгарын белгилеп өткөн.

Гаутам Адани байлыгы боюнча Жеффер Безос, Бернар Арно жана Илон Масктан кийин эле турат. Азыркы учурда дүйнөдөгү эң бай адам деп эсептелген Илон Масктан байлыгы 253 млрд долларды түзөт.

Белгилей кетсек, Аданинин байлыгы башка миллиардерлердей эле коронавирус пандемиясы учурунда көбөйгөн. Былтыр эле анын байлыгы 40 млрд долларга жакын болуп турган.

Тэги: Рейтинг

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>