«Коррупцияга каршы элдик кызматтын» төрагасы кармалды

«Коррупцияга каршы элдик кызматтын» төрагасы кармалды

«Коррупцияга каршы элдик кызмат» коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган жаранды Бишкек шаардык прокуратурасы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган.

«Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматынын өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди «чечип берем» деген шылтоо менен өзүн мамлекеттик органдардын биринин кызматкери катары көрсөтүп, пайда көрүү максатында Бишкек шаарынын бир жаранынан опузалап 100 миң сом алып аткан жеринен «Коррупцияга каршы элдик кызмат» коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. кармалды», — деп билдирет прокуратура.

Прокуратурадан билдиришкендей, тергөөнүн жүрүшүндө Э.У.Т. буга чейин 200 миң сом алгандыгы жана кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 миң доллар талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>