Дүйнөлүк көчмөндөр оюну. Казакстан көк бөрү менен күрөш боюнча жооп бере элек

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну. Казакстан көк бөрү менен күрөш боюнча жооп бере элек

Казакстан көк бөрү менен кыргыз күрөштү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда боло турган мелдештердин катарына киргизе элек. Бул тууралуу спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Reporter.kg’ге билдирди.

Анын айтымында, кошуна мамлекет ушул айда жооп берерин кабарлаган.

«Жакында президент Астанага барат. Ошонун алдында жооп беребиз деп билдиришкен. Ал эми күрөш боюнча «Алаш» кирип, кыргыз күрөшү кирбей калганы. Аны дагы кошуу боюнча сунуш жөнөтүлгөн», — дейт ал.

Эскерте кетсек,Кыргызстанда 8-14-сентябрда Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  көк бөрүнү кошуу өтүнүчү менен Түркия президентинин баласы Билал Эрдоганга дагы даттанган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Ал алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган Оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Казакстанга берген.

Кыргызстан көк бөрүнүн Көчмөндөр оюнунан чыгарылышына нараазы

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>