УКМК коңгуроо кагууда. Өлкөдө синтетикалык маңзат колдонгондор көбөйүүдө (видео)

УКМК коңгуроо кагууда. Өлкөдө синтетикалык маңзат колдонгондор көбөйүүдө (видео)

Кыргызстанда синтетикалык баңгизат таратуу фактылары көбөйүп, аларды колдонгондордун саны артууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат маалымдагандай, учурда алар баңгизат даярдагандарды, аны тараткандарды жок кылуу боюнча иш алып барууда.

УКМК белгилегендей, синтетикалык баңгизат адам үчүн эң коркунучтуу «капкан» болуп саналат. Ага көбүнесе 25 жашка чейинки жаштар, өспүрүмдөр азгырылып кетүүдө. Мындан улам атайын кызмат ата-энелерди балдарын көзөмөлгө алып, синтетикалык маңзаттын кооптуулугу тууралуу эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Сиз же сиздин жакындарыңыз баңгичиликке байланыштуу жардамга муктаж болсо, 118 номерине кайрылсаңыз болот.

УКМК синтетикалык маңзатты даярдап, жайылткандар мыйзам чегинде катаал жазаланарын эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>