Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Кыргызстанда азык-түлүктүн запасы жетиштүү

Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Кыргызстанда азык-түлүктүн запасы жетиштүү

Кыргызстанда майдын, ундун, канттын запасы жетиштүү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев билдирди.

Анын айтымында, Украинадагы жаңжалга байланыштуу кыргызстандыктар арасында дүрбөлөң бар.

«Акыркы үч күн паника кантип бүтүндөй калкты каптап кетерин көрсөттү. Дүкөндөрдүн текчелеринде кант таптакыр жоголду. Биздин анализ дүңүнөн сатуучуларда кант бар экенин көрсөттү. Бирок алар чекене сатылып кеткендиктен түшүнбөстүк пайда болду», — деди ал.

Бообек Ажыкеев кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фонду толду.

«Эгерде 30 жыл бою корук ысырап, тонолгон болсо, азыр биринчи жолу азык-түлүк запасын толуктап алдык. Андыктан калк арасында кооптонууга негиз болбошу керек. Эң зарыл продукциянын баасын негизсиз жогорулатууга жасалган ар кандай аракеттерге катуу тыюу салынат. Азык-түлүк коопсуздугу министрлер кабинетинин жана мамлекет башчысынын көзөмөлүндө. Ошондуктан, ун, кумшекер, өсүмдүк майынын запасы бар жана алар жетиштүү деп ишенимдүү айта алам», — деди ӨКМ башчысы.

Чиновник жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>