Министр Иманов менен депутат Ормонов кайым айтышты (ВИДЕО) 

Министр Иманов менен депутат Ормонов кайым айтышты (ВИДЕО) 

Электр жана почта байланыш жөнүндө  жана лицензия берүү тутуму жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Министр болуп келген, 2,5 айда ушул мыйзамдардын  аткарылышы боюнча эмне иш кылдыңыз?  Мындай суроону Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановго берди.

Ал эми министр Иманов атайын процестер кармап жатканын, тезирээк мыйзамдын ишке ашуусун аракет кылып жатканын белгиледи.

Ал ортодо депутат Ормонов «контанбанданы колдоп жатасыз. Кандайдыр бир кызыкчылык болуп жатканын сезүүдөмүн. Бул мыйзам ишке кире турган болсо уурдалган телефондор өчүп калып, элге жакшы болот эле»- деп нааразы болду.

Министр Иманов болсо, «кандайдыр бир кызыкчылык болуп жатканын мен да билип жатам. Бир күндө бир канча документ кабыл алынып кеткенин»- деп  жооп кайтарды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>