Дзюдочу Эрлан Шеров Олимпиадага катыша турган болду

Дзюдочу Эрлан Шеров Олимпиадага катыша турган болду

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги Олимпиада оюндарына катыша турган болду.

Белгилүү болгондой, 22-майда Шеров Абу-Дабидеги дүйнө биринчилигинде коло утуп, Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпионатында байге алган биринчи спортчу болуп калды.

Дзюдодо спортчуларга Олимпиада оюндарына лицензия дүйнөлүк рейтингдин негизинде берилет. Ал спортчулардын 2022-жылдын 22-июнунан 2024-жылдын 23-июнуна чейин болуп өткөн мелдештерде көрсөткөн жыйынтыгынын негизинде түзүлөт. Натыйжада дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 17-орунда турган дзюдочулар Олимпиадага лицензия алат. Алардын тизмеси 25-июнда жарыяланат. Андан тышкары калган спортчуларга континенталдык квоталар берилет.

Учурда Эрлан Шеров дүйнөлүк рейтингде 3978 упайы менен 90 кг салмактагы балбандардын арасында 8-орунда турат. Дүйнө чемпионатында коло байге уткандан кийин ага кошумча упай алып, рейтингде дагы алдыга чыгат. Натыйжада ал дүйнөдөгү 17 мыкты балбандын тизмесинде ордун бекемдеп, Олимпиадага жолдомону ишенимдүү ала алат.

Азыркы тапта Кыргызстанда Олимпиадага 12 жолдомо бар: Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу (57 кг) жана Эрназар Акматалиев (74 кг), Айаал Лазарев (125 кг), Сардана Трофимова (жөө күлүк).

Тарых жаратты! Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатында коло утту

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>