Бакиевдин президенттик төш белгиси 14 жылдан кийин Тарых музейине тапшырылды

Бакиевдин президенттик төш белгиси 14 жылдан кийин Тарых музейине тапшырылды

2010-жылкы төңкөрүш учурунда Акүйдөн президенттин төш белгисин алган жаран аны Улуттук тарых музейине тапшырды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Тынчтыкбек Аметов жана музейден ырасташты.

Тынчтыкбек Аметов 18-май күнү музейдин жетекчилигине өткөрүп бергенин билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык төш белгини 2010-жылы төңкөрүш учурунда Акүйдөн алган.

“Акүйгө кирип барганда айнек текчеде кутучада президенттин төш белгиси турган экен. Мен алып чөнтөккө салып койдум”, — дейт Тынчтыкбек Аметов.

Ал аны 14 жыл чоң суммадагы акчага дагы саткан эмес.

“Мен он төрт жыл бою сары майдай сактап жүрдүм. Көп киши сурап, 5-10 миң доллар сунуштагандар болду. Ал алтын менен күмүштөн жасалган экен. Сатпай койдум”, — дейт ал.

Тынчтыкбек Аметов жакында Садыр Жапаров менен жолугуп, төш белгини ага сунуштаган. Президент аны Тарых музейине өткөрүп берүүсүн суранган.

Ал буга чейин жоопкерчиликтен коркуп, төш белгини жашырып келгенин айтат. Жаран 2005-жылдагы жана 2010-жылкы көтөрүлүштөргө активдүү катышканын белгилейт.

Анын айтымында, 2010-жылы “Форумдун” алдында курал жана гранаталар таркатылган.

“Ошол автомат менен мен биринчилерден болуп Акүйдөгү президенттин бөлмөсүнө карай ок атканмын”, — дейт Тынчтыкбек Аметов.

Белгилей кетсек, Курманбек Бакиевдин төш белгиси 2009-жылы алтын, күмүш, бриллиант менен кооздолуп  жасалган. Анын так баасы айтылган эмес.

Андан кийин 2010-жылы Роза Отунбаева дагы 1,5 жылдык кызматына киришип жатып, төш белги жасаткан. Аныкы бриллиант эмес, бермет менен кооздолгон.

Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаровго дагы төш белги жасалган.

Сооронбай Жээнбековдун төш белгиси октябрь окуясында жоголуп кеткени кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>