Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышат
ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны аяктады
26.08.2022 | 12:40
Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны жыйынтыкталды. Кеңешме 25-26-август күндөрү өттү.
Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуу маселелери, алдыдагы долбоорлор талкууланды. Анда Кыргызстан бир катар маселелерди, анын ичинде кыргызстандык мигранттардын маселесин көтөрдү.
Кеңешменин соңунда бир катар документтерге кол коюлду. Документтердин тизмеси кийинчерээк берилет.
ЕАЭБ өкмөт башчылары Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин келерки жыйынын Арменияда 20-21-октябрда өткөрүүнү макулдашты.
Эскерте кетсек, ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь жана Армения мүчөлүк кылат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом