Эдил Байсалов Илон Масктын компаниясы менен сүйлөшүү жүргүздү

Эдил Байсалов Илон Масктын компаниясы менен сүйлөшүү жүргүздү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов америкалык SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда Starlink спутниктик интернет системасына кирүүнү ачуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы колдонуучуларды, атап айтканда, жалпы билим берүүчү мектептерди жана мамлекеттик мекемелерди интернетке жеткирүү үчүн Starlink технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Отурумдун жыйынтыгында Эдил Байсалов  Кыргызстан Starlink компаниясына өлкө боюнча маалыматтарды берүү кызматына лицензия берүүгө даяр экендигин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>