Акылбек Жапаровдун коррупцияга шектелген кеңешчиси жумушка чыкты

Акылбек Жапаровдун коррупцияга шектелген кеңешчиси жумушка чыкты

Ушул жылдын май айында коррупцияга шектелип кармалып, андан соң үй камагына чыккан кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун мурунку жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов жумушка чыкты.

Бул боюнча өкмөттүн маалымат кызматы Reporter.kg′ге комментарий берип жатып, Темирбек Эркинов кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматынан алынганын жана ал министрлер кабинетинин төрагасынын коомдук башталгычтагы кеңешчиси экенин билдиришти.

Темирбек Эркинов ишке чыкканын 21-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов америкалык SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткандагы сүрөттөрдөн да көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Темирбек Эркинов кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун жетектеп турганда ушул жылдын 4-майында коррупцияга шектелип кармалып, 3-июлга чейин камакка алынган.

Бирок Биринчи май райондук соту 17-майда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен Эркиновду үй камагына чыгарган.

Темирбек Эркинов 2021-жылдын сентябрында кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

Фонд ишин ошол эле жылдын ноябрь айында баштаган. Уюмдун негизги максаты Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарындагы долбоорлорду каржылоо болгон. Фонддун уставдык капиталы 50 млн долларды түзгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>