Эгемендик майрамы: Шотландиялык туристтин куттуктоосу (видео)

Эгемендик майрамы: Шотландиялык туристтин куттуктоосу (видео)

Бүгүн, 31-августта Чүйдөгү Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы жана Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленүүдө.

Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан иш-чараларды көрүү үчүн чет элдик туристтер да келген. Майрамга катышып жаткан шотландиялык турист Алехандро Марини кыргызстандыктарды куттуктады. 

“Кыргызстанга жумуш боюнча келгем. Фрилансер болуп ишейм. Эки айдан бери Бишкек жана Алматыда жашап жүрөм. Мени Кыргызстандын маданияты, тарыхы кызыктырат. Кыргызстандын бай тарыхы бар. Кыргызстандын эгемендик майрамына биринчи жолу катышып жатам. Ал мыкты деңгээлде белгиленип жатат. Алдыда Ош, Жалал-Абад облустарына барам. Бул жактан таанышкан адамдар аябай меймандос экен. Баары конокко чакырышты. Кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктайм”, — деди турист.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>