Путин Жапаровду жана Кыргызстан элин куттуктады

Путин Жапаровду жана Кыргызстан элин куттуктады

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады, деп билдирет өлкө башчынын басма сөз кызматы.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата менин эң жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүп жатат. Ар түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуу, ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы кызматташуу жакшы натыйжа берүүдө. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чыңдоо максатында өз ара пайдалуу орус-кыргыз мамилелеринин бардык комплексин мындан ары кеңейтүүнү камсыздайбыз деп ишенем”, — деп айтылат куттуктоо катында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми өлкөнүн бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>