Милиционер аялын сабаганы үчүн иштен алынган. Окуянын чоо-жайы

Милиционер аялын сабаганы үчүн иштен алынган. Окуянын чоо-жайы

Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери Чубак Сыргабек уулу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Ал видео кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялаган.

Буга байланыштуу Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 11-июль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнѳ Кара-Суу районунун Фуркат айылынын жашоочусу, 28 жаштагы Ш.А (аял киши) арыз менен кайрылган. Арызда 2021-жылдын 10-июль күнү саат 16:00 чамаларында күйѳөсү Сыргабек уулу Чубак ѳз ара пикир келишпестиктен улам аны жана 3 жаштагы уулун уруп, денелерине жарат келтиргендигин билдирген.

Чогултулган материал Кара-Суу РИИБдин электрондук журналына катталып, 2021-жылдын 12-июль күнү Жоруктар жѳнүндѳгү Кодексинин 66-беренесинин 1-бѳлүмү менен сотко чейинки ѳндүрүш иши ачылган.

Жабырлануучулар — Ш.А жана уулу Ч уулу Б денелеринен алган жараттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 2021-жылдын 28-июлдагы Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кортундусуна ылайык, аялы жана уулу ден соолугу кыска мѳѳнѳткѳ бузулушуна алып келген жеңил жаракат алгандыктары аныкталган.

«Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ жабырлануучунун күйѳөсү, шектүү — Сыргабек уулу Чубак милициянын улук лейтенанты, Араван райондук ички иштер бѳлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык кызматкер катары кызмат ѳтѳй тургандыгы аныкталган. Буга байланыштуу Ички иштер министрлигинин Ички иликтѳѳ кызматынын 3-башкармалыгы тарабынан кызматтык иликтѳѳ жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында милициянын улук лейтенанты Сыргабек уулу Чубак укук коргоо органдарынын кызмат ѳтѳѳсү жѳнүндѳгү мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 9-беренсинин 1-пунктун жана 10-бөлүмүнүн 80-беренсинин 3-пунктунун 10-тарамынын талаптарын одоно бузгандыгы аныкталгандыктан жана Араван РИИБдин 2021-жылдын 9-июндагы буйругу менен сөгүш жана Ош ОИИБдин 2021-жылдын 22-июлундагы буйругу менен «Кызматтык толук эмес ылайыктыгы жѳнүндѳ эскертүү» тартиптик жазаларын эске алуу менен Сыргабек уулу Чубак укук коргоо органдарынан кызматтан бошотуу боюнча буйругу чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Сыргабек уулу Чубак кайрадан укук коргоо органдарынын катарына кайтуу үчүн сот органдарына кайрылган. Учурда соттук кароо улантылууда.

Ал эми соттун чечими боюнча Ош ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитовдун иш бѳлмѳсүнѳ келгендиги такталган жок. Ошондой эле Ж.Абитовду каралоолор боюнча учурда текшерүү иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>