Чүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалды
12-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
12.09.2026 | 10:00

Бүгүн, 12-сентябрда, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндүү аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 25…30°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 24…29°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 16…21°C, күндүз 28…33°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 16…21°C, күндүз 28…33°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 27…32°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 22…27°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 6…11°C, күндүз 23…28°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 18…20°C, күндүз 28…30°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы