Эгин талаасынан кыз ала качкандар камакка алынды

Эгин талаасынан кыз ала качкандар камакка алынды

Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна кыз алып качып баргандардын баш коргоо чарасы каралды. Бул маалыматты Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук РИИБинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кыз ала качкан 3 жигиттин бири убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, калган экөө үй камагына алынган.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун Бишкек шаарынын четиндеги эгин талаасында иштеп жаткан 20 жаштардагы кызды Ысык-Көл облусунун Түп районуна ала качып кетишкен.  Кызга ошол жердеги аялдардын бири шаарга такси менен жеткирип коюну сунуштап, натыйжада тааныштарына ала качтырып жиберген.

Кийин кыздын жакындары окуяны билип калып, аны алып кетишкен.

Кыз 20 жаштарда болсо, ага үйлөнмөкчү болгон кишинин жашы 38де экени, буга чейин 3 жол үйлөнгөнү айтылган.

Кыздын жакындары укук коргоо органдарына кайрылып, бул иш боюнча кылмыш иши козголгон.   

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>