Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКР Кытай жана БА менен биргелешкен курулушка кызыкдар — ЖапаровКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулатОш мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдөОнлайн-платформалар жана бош убакытты уюштуруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
Египеттеги турнирде Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болду
25.02.2023 | 10:55
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Египетте өткөн рейтингдик турнирде коло медаль тагынды.
Ал 76 килограммга чейинки салмак категориясында мелдешти.
Кыргызстандык спортчу эки жолу жеңишке жетип, жарым финалда америкалык спортчуга утулуп калды. Коло үчүн күрөштө Медет кызы кытайлык кызды жеңип, 3-орунга ээ болду.
Хорватияда өткөн биринчи рейтингдик турнирде Медет кызы 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болгон.
Буга чейин Египетте өткөн турнирде Айсулуу Тыныбекова алтын алса, Мээрим Жуманазарова 3-орунга ээ болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт