Эки дос бийликти узурпациялап алды, — Азимбек Бекназаров (видео)

Эки дос бийликти узурпациялап алды, — Азимбек Бекназаров (видео)

Кыргызстандын эли беш идеянын алдында биригиши керек. Мындай пикирин экс-элчи Азимбек Бекназаров социалдык тармак аркылуу элге кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, бул идеялар жалпы өлкөнүн келечегине байланыштуу.

“Биринчиси – Кемпир-Абад  суу сактагычы, экинчиси – Баткенде чек ара маселеси, үчүнчүсү – кен байлыктарды алуу, төртүнчүсү —  өз оюн айткан журналист, саясатчыларды, активисттерди куугунтукттоону токтотуу, бешинчиси – эки достун (ред: президент – Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы – Качыбек Ташиев) ишине баа берүү маселеси боюнча жалпы эл биригиши керек”, — дейт Бекназаров.

Анын пикиринде, президент Садыр Жапаровдун акыркы эки жылда аткарган ишине элдик курултай аркылуу баа берүү керек.

“Соттун, укук коргоо органдарынын, кен байлыктардын кожоюну эки дос болуп жатат. Эки дос мамлекеттик бийликти узурпациялап алды. Мамлекет башчы парламентке, сотторго, жергиликтүү бийликке башчылык кылганга укугу жок”, — деди экс-элчи Азимбек Бекназаров.

Буга чейин Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип, 14-сентябрда суракка чакырылган. Андан камакка алынган.

Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн азыркы бийликке айткан сындары менен байланыштырып, ага эскертүү катарында жасалган иш-аракет катары көрөрүн билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>