Улан Примов Айдарбековдун ордуна комитеттин төрагасы болду

Улан Примов Айдарбековдун ордуна комитеттин төрагасы болду

Депутат Улан Примов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды. Шайлоо бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өткөрүлдү.

Добуш берүү жашыруун өткөрүлүп, Примовдун талапкерлигин 70 депутат колдосо, бирөө каршы болду.

Андан тышкары Бактыбек Чойбеков Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Шайлоодон кийин эл өкүлдөрү парламенттин токтомун кабыл алды.

Эскерте кетсек, бүгүн, 20-октябрда депутат Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы кызматынан чакыртып алынган. Анын кызматтан алынышына Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүнү караштырган кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбоору боюнча тармактык комитеттин чечимине кол койбогону себеп болгон. Айдарбеков комитеттин чечимине кол койбогонунун себебин, аларга аталган маселе боюнча документтер толугу менен берилбегени менен түшүндүргөн.

Депутат Айдарбеков тармактык комитеттин төрагалыгынан алынды

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: парламент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>