31-май: Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт, айрым аймактарда — жаан жана күн күркүрөйт«План боюнча мен Айфертти жайбаракат кысымга алуу үчүн чыккам, нокдаун кошумча бонус болуп калды» — Дмитрий Бивол«Мелдешке эң коркунучтуу атаандашка каршы чыккандай эле чыга берем» — Дмитрий БиволБишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды — электр энергиясы качан берилет?РКӨФ Оштогу жаңы төрт жылдыздуу мейманканага 1,8 млн доллар инвестиция салатКөңүл бургула! 1-июндан тарта ЖКЭ бузууларды жаңы көчмө аппараттар (треногалар) каттай баштайт
Эки млн сомго чейинки сүйүнчү тууралуу жарлыкка кол коюлду
23.12.2024 | 17:37
Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку сүйүнчү төлөө тууралуу жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал төлөм “Бала Береке” деп аталат. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, аталган төлөм калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында киргизилүүдө.
Аны бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган жана көп бала төрөгөн энелер (КР жарандары жана кайрылмандар) ала алат. “Бала Береке” төлөмүн берүүдө райондук коэффициент колдонулбайт жана бала бир жашка чыкканда берилет.
Өкмөт аталган сүйүнчүнү берүүнүн тартибин жана шарттарын иштеп чыгат.
Ал 2026-жылдан тарта бериле баштайт:
- 4-балага – 100 000 (жүз миң) сом;
- 5-балага – 600 000 (алты жүз миң) сом;
- 6-балага – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
- 7-балага – 1 000 000 (бир миллион) сом;
- 8-балага – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом;
- 9-балага – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
- 10унчу жана андан кийинки балага – 2 000 000 (эки миллион) сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом