Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салынды

Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын архитектуралык тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Документ менен биринчи кезекте сакталууга жана экспертизадан өтүүгө тийиш болгон тарыхый-маданий объектилердин тизмеси бекитилди.
Жарлыкка ылайык, тизмеге киргизилген тарыхый имараттар боюнча төмөнкү чечимдерди кабыл алууга тыюу салынат:
- менчиктештирүүгө, сатууга, алмаштырууга, күрөөгө коюуга, башкарууга же кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүүгө;
- тарыхый баалуулугун жоготту деп табууга, эстеликтердин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, бузууга (демонтаждоого) же башка жерге көчүрүүгө;
- сырткы көрүнүшүн, көлөмүн же функциялык багытын өзгөртө турган курулуш иштерине уруксат берүүгө;
- коргоо зоналарында жер тилкелерин бөлүүгө жана курулуш жүргүзүүгө.
Документте объектилердин эскилиги же сейсмикалык талаптарга жооп бербестиги аларды бузууга, тизмеден чыгарууга же ордун которууга негиз боло албай тургандыгы белгиленген. Мындай учурларда аварияга каршы бекемдөө жана консервациялоо иштери гана жүргүзүлөт.
Министрлер кабинетине аталган объектилердин абалын жана менчик ээлерин инвентаризациялоо, аларды менчиктештирүү программаларынан чыгаруу жана мамлекеттик экспертиза жүргүзүү тапшырылды. Иш-чаралар республикалык бюджеттин жана «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объектилерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд» коомдук фондунун эсебинен каржыланат.