Министр А.Бейшеналиев кандай шартта отставкага кетерин айтты

Министр А.Бейшеналиев кандай шартта отставкага кетерин айтты

Эгер жалпы эл менин отставкамды талап кылса, анда кызматтан кетем, деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Анын айтымында, ал учурда Германияда жана иш сапары аяктаган соң Кыргызстанга кайтып келет.

Келгенден кийин медицина тармагында реформаны мындан дагы батыраак жасоо үчүн катуу иштеп баштайм. Мага тоскоолдук кылгысы келген адамдар көп. Мен буга чейин 300дөн ашык клиниканы жабам деп айткам, мындан улам мага бут тоскондор көп болууда”, — деди министр.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиядан анын отставкасын талап кылган анын орун басарларына жооп кайтарган. Ошондой эле жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдогон болчу.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип жатып, министр А.Бейшеналиев тууралуу:Ал сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду”, — деп билдирген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>