Видео: Экология министри Бишкектеги ыштын пайда болуу себептерин айтты

Видео: Экология министри Бишкектеги ыштын пайда болуу себептерин айтты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Бишкектеги ыштын пайда болушуна себеп болгон негизги факторлорду атады. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Ал билдиргендей, изилдөөлөргө ылайык, ыш маселесинин келип чыгуусунун башкы себеби — Бишкектеги жана анын айланасындагы конуштарда көмүр жагылышы. Бишкектеги ыштын 47%ы жаңы конуштарда көмүрдүн жагылышынан пайда болот. Андан кийин ыштын пайда болушуна өбөлгө түзгөн фактор катары автоунаалар табылган. Ал 31%ды түзөт. Ыштын пайда болушуна Бишкектеги ЖЭБдин 5%дан 10%га чейин жана шаардагы отказандардын 2%дан 5%га чейин үлүшү бар.

Сөзүн улай министр ыш маселесин чечүү үчүн кандай иштер аткарылып жатканы тууралуу айтты.

«Бишкекте 30 электр унааларын кубаттоочу станциялар орнотулду. 2023-2024-жылдарда 1500 газ менен колдоно турган автобустарды сатып алууну жана кичи маршруттарды алмаштырууну максат кылынууда. Жыл аягына чейин жалпы 800 автобус келет деп пландап жатабыз.

Бишкекте 22 от казанды көмүрдөн газга өткөрдүк. Буйруса, быйыл алар көмүр жакпайт. Бир гана газды колдонушат. Андан сырткары, Бишкекте таштанды полигону бар. Анын түтүнүн толугу менен өчүрдүк. Түтүн чыкпайт, буйруса. Таштандыны кайра иштетүү заводун куруу боюнча иштеп жатабыз. Бир-эки жылдын ичинде ага да жаңы завод курулуп, ал дагы ыштын пайда болушуна бөгөт коёт деген чоң ишеничтер бар. Тигүү цехтерин текшерүүгө алдык. Мончо жана башка өнөр жай объекттерин толук көзөмөлгө алып, рейддерди жүргүзүп, көзөмөлдү күчөтүп жатабыз. Милиция кызматкерлери экология полициясы менен унаалардын катализаторлорун, транспортторду текшерип катуу көзөмөлдөп жатат», — дейт ал.

Экологияны жакшыртуу, ышты жою боюнча Дүйнөлүк банк менен чоң долбоорду баштап жатабыз.

«Бул долбоор 50 млн долларга 7 жылга эсептелет. Быйыл кол коюлуп ишке ашса, бул дагы өз салымын кошмокчу. Ышты жоюу максатында Бишкек шаарында 249 объектти текшерип, 239 миң сом айып пул салдык. Бул дагы ышты жоюунун алкагында экотехинспекциянын жасаган иши болуп саналат. Биздин министрлик көзөмөлдү күчөтүп, айып пул салып, экологияны тазалоо максатында иштерди жүргүзүп жатат.

Бишкекте ыштын пайда болуу себептеринин бири болуп, эң чоң көйгөйлөрдүн бири болуп көмүр болуп эсептелинет. Кара-Кечеден чыккан көмүр ЖЭБде, бул жактагы конуштарда колдонулуп жатат. Бишкекте кеңири сатылып жатат. Ошол Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн сапатын жакшыртуу максатында ал жакта Кара-Кечеде көмүрдү байытуу заводун курууну чечтик. Ошонун үстүндө азыр иштер башталды. Долбоорлор түзүлдү, буйруса. Быйыл башталып, эмдиги жылы бүтөт. Бир-эки жылдын ичинде Кара-Кечеден сапаттуу көмүр келе баштайт», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бишкек ыш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>