Капчык уурдап, шымына катып алган. Бишкекте чөнтөкчүлөр кармалды (видео)

Капчык уурдап, шымына катып алган. Бишкекте чөнтөкчүлөр кармалды (видео)

Бишкекте чөнтөк уурулугуна шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-ноябрда Ден Сяопин көчөсүндө бара жаткан кичи автобустун ичинен белгисиз жарандар аял кишинин куржунунан 11,5 миң сом акча салынган капчыгын уурдап алган. Андан соң чөнтөкчүлөр качып кетүүгө аракет кылганда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Акчасын уурдаткан аял милицияга арыз менен кайрылган. Тинтүү учурунда кылмышка шектүүлөрдүн биринен уурдалган капчык акчасы менен табылып алынган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кармалган шектүүлөр мурда уурулук үчүн бир нече жолу соттолгон 27 жаштагы М.Б. жана 28 жаштагы А.А. болуп чыккан. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0(706) 102-102, 0(700) 89-01-10 же 102 номерлери аркылуу кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>