Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Экология министрлиги жаңы жылдык иш-чараларды салютсуз өткөрүүгө чакырды
24.12.2024 | 16:43
Жараталыш ресурстары, экология жана техникалкы көзөмөл министрлиги өлкө боюнча жаңы жылдык салюттарды, пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырат.
Министрлик жаңы жылдык иш-чаралар салюттардын коштоосунда өтөрүн, бирок алар абага зыяндуу (булгоочу) заттарды бөлүп чыгарын эске салат. Ошондой эле колдонулган салюттар, пиротехникалык каражаттар таштанды катары ыргытылат.
Жаңы жылдык салюттарды өткөрүүгө көп акча сарпталарын, анын ордуна ал каражаттарды пайдалуу иштерге жумшоого болорун белигилейт. Майрамда салюттардын ордуна диоддук жарык, музыкалык жана жарык берүүчү жабдыктарды, галаграммаларды колдонууга болорун кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом