Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган балет сынагы өтөт

24.09.2026 | 12:27
Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган балет сынагы өтөт — Новости Кыргызстана

3–9-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган «Улуу-Элес» II эл аралык балет артисттеринин сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Иш-чара Маданият министрлиги жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры тарабынан уюштурулууда. Сынактын көркөм жетекчиси — КРдин Эл артисти Айзада Тумакова.

Таймашка балет артисттери, хореографиялык окуу жайлардын студенттери жана хореографтар катышат. Башкы сыйлык болуп саналган Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Гран-принин өлчөмү 200 миң сомду түзөт. Ошондой эле байгелүү орундар үчүн акчалай сыйлыктар, дипломдор жана номинациялар каралган.

Бүбүсара Бейшеналиева — кыргыз профессионалдык балет өнөрүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон инсан. Ал «Чолпон», «Анар», «Асель» балеттеринде жана дүйнөлүк классикалык чыгармаларда башкы партияларды аткарган. Ага 1958-жылы СССРдин Эл артисти наамы ыйгарылган.

Scroll to Top