Каракол шаары Business Aviation Summit 2026 саммитин кабыл алды: жаңы багыттар жана инвестициялар

23.09.2026 | 10:01
Каракол шаары Business Aviation Summit 2026 саммитин кабыл алды: жаңы багыттар жана инвестициялар — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 22-сентябрында «Каракол» эл аралык аэропорту Кыргызстандагы алгачкы Business Aviation Summit 2026 саммитин кабыл алды. Бул иш-чара эл аралык авиация коомчулугунун өкүлдөрүнүн башын бириктирип, ишкердик авиацияны, жаңы багыттарды, инвестицияларды өнүктүрүү жана Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасынын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо аянтчасына айланды.

Саммиттин Караколдо өтүшү аймактын авиация жана туризмди өнүктүрүүдөгү ролу өсүп жатканын айгинеледи. «Каракол» эл аралык аэропорту Ысык-Көл облусуна туристтердин жана инвестициялардын кошумча агымын камсыз кылууга кудуреттүү, эл аралык каттамдар жана бизнес-авиация үчүн келечектүү аянтча катары каралууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын авиация тармагы масштабдуу өнүгүү баскычын баштан кечирүүдө. Өлкөдө аэропорттор модернизацияланып, аэродромдук инфраструктура жаңыланууда, коопсуздуктун эл аралык стандарттары киргизилип, учуулардын географиясын кеңейтүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлүүдө.

2026-жылдын башкы жетишкендиктеринин бири — кыргызстандык авиакомпаниялардын Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылышы болду. Бул ата мекендик авиациянын эл аралык рынокко чыгуусуна жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Өлкөнүн авиациялык инфраструктурасын кеңири масштабда кайра куруу иштери мамлекеттик колдоонун жана Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун транспорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруусунун аркасында ишке ашырылууда.

«Бүгүн Кыргызстан жаңы авиакомпаниялар, ишкердик авиациясынын операторлору, инвесторлор, учак куруучулар, технологиялык компаниялар жана эл аралык өнөктөштөр үчүн ачык. Биз жаңы каттамдарды талкуулоого, керектүү инфраструктураны түзүүгө, бизнести угууга жана биргелешип чечимдерди табууга даярбыз. Биздин максат — бул диалогду конкреттүү долбоорлорго жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө айлантуу», — деп белгиледи «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

Business Aviation Summit 2026 саммити түз кесипкөй диалог жүргүзүү үчүн авиациялык бизнестин жана тармактык компаниялардын өкүлдөрүн чогултту. Көңүл борборунда — Кыргызстанда ишкердик авиациясын өнүктүрүү келечеги, «Каракол» эл аралык аэропортунун мүмкүнчүлүктөрү, жаңы операторлорду тартуу, эл аралык ташууларды кеңейтүү жана инвестициялык кызматташтык маселелери каралды.

Алгачкы саммитти өткөрүү үчүн Каракол шаарынын тандалышы бекеринен эмес. Ысык-Көл аймагы ири туристтик жана инвестициялык дараметке ээ, ал эми заманбап авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү аны эл аралык саякатчылар жана ишкердик авиация үчүн дагы да жеткиликтүү кылууга өбөлгө түзөт.

Business Aviation Summit 2026 — бул Кыргызстандын жаңы авиациялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык рынокко таанытуу жана Каракол шаарын аймактын авиациялык картасында келечектүү түйүн катары калыптандырууга карай ташталган дагы бир кадам.

Scroll to Top