Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев сурак берип чыкты – видео
07.09.2022 | 14:22
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына сурак берип чыкты. Видеону Facebook баракчасына Кундуз Жолдубаева жарыялады.
Мээрбек Мискенбаев тергөө амалдары боюнча ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгонун билдирди.
Ошол эле учурда мурдагы эл өкүлү блогер Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши бир жактуу жүрүп жатат деп эсептейт.
Эске салсак, активист Ырыс Жекшеналиев фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланганы үчүн кармалып, иш козголгон. Ал эки айга камакка алынган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом