Кызыл-Кыяда ооруканада уурулук кылган адам кармалды

Кызыл-Кыяда ооруканада уурулук кылган адам кармалды

Кызыл-Кыяда ооруканадан уюлдук телефондорду уурдаган жаран кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, шектүү жаран Кызыл-Кыя ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

Ушул жылдын 2-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:30 чамаларында Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын  жандандыруу бөлүмүндөгү столдо турган  “Редми Нот 9” жана “Айфон SE” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду белгисиз атуулдар уурдап кеткендиги боюнча Ноокат районунун жашоочулары арыз менен кайрылган.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай шаарынын 2001-жылы туулган тургуну Т. у М. кармалып,  Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: оорукана

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>