Депутат Кадырбеков өлкөдө өлүм жазасын киргизүүнү колдойт — видео

Депутат Кадырбеков өлкөдө өлүм жазасын киргизүүнү колдойт — видео

Бүгүн, 7-сентябрда парламенттин жыйынында Баткенде киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча акыркы окуяга байланыштуу өлүм жазасын киргизүү маселеси көтөрүлдү.

Депутат Нуржигит Кадырбеков өтө оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүүнү колдой турганын билдирди.

Ал аталган окуялардын келип чыгышынын түпкүрүндө эмне жатканына көп көңүл бурулбай жатканын белгилеп, өлүм жазасы боюнча өз оюн айтты.

«Кылмышка жараша жаза керек. Гуманизация деп өлүм жазасы жок кылынган. Гумандуулуктун аягы ушул болуп жатат, гумансыздар келип гумандууларды өлтүрүп жатат. Кээ бир адамдар бар, өлүмдөн башкадан коркпойт. Коррупция бар өлкөдө жазаңдан да коркпойт. Бүгүн 15 жылга кесилет, 3 жылдан кийин эркиндикте жүргөн болот. Биз камалганын карайбыз, ошону менен унутуп калабыз. Үч жылдан кийин чыгып алып, каалаганын кылат. Рецидивисттер ошондой болот», — деди ал.

Ал түрмө адамды оңдобой турганын, майда ууру болсо, чоң уурулар менен отуруп уурулуктун түрлөрүн үйрөнүп чыгарын айтып өттү. Ошондой эле тоок өлтүргөндөр да адам өлтүргөндөр менен отуруп, алардын жаман сапаттарын үйрөнүп чыгат.

«Өлүм жазасын киргизиш керек. Башка жолу жок. Андайлар өлүмдөн коркпосо, башкадан коркпойт. Балким азыр деле эл унутуп калсын, эртең чыгарып алабыз деп отурушат», — деди ал.

Белгилей кетсек, жыйында Кадырбековдон тышкары башка депутаттар да педофилдерге өлүм жазасын киргизүү керек деген сунушту айтышты. Ошол эле учурда башка эл өкүлдөрү учурда Кыргызстанда укук коргоо органдары жана сот системасы таза болбогондуктан, өлүм жазасынын киргизилиши менен бейкүнөө адамдар адилетсиздиктин курмандыктары болуп калышы мүмкүн экенин белгилешти.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>