Экс-депутат Жанкороз Каниметов каза болду

Экс-депутат Жанкороз Каниметов каза болду

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, педагог, педагогика илимдеринин доктору Жанкороз Каниметов 70 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясы “Фейсбуктагы” расмий баракчасына жазды.

Жанкороз Каниметов 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында туулган. Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтун, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышын депутаты, 2007-жылы билим берүү жана илим министринин орун басары болгон.

Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө»жана  «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» мыйзамдардын автору,  бир нече сыйлыктардын жана «Даңк» медалынын ээси болгон.

REPORTER.KG  маалыматтык агенттиги маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>