Экс-министр Улукбек Кочкоров суракка чакырылды

Экс-министр Улукбек Кочкоров суракка чакырылды

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров күбө катары суракка чакырылууда. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев билдирди.

Адвокаттын айтымында, мурдагы министр Бишкектеги карылар үйүнүн бирине жетекчи дайындоого байланыштуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылган.

“Улукбек Кочкоров Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан “карылар үйүнүн” директору Эркингүл Абдылдаевны негизсиз жумуштан алып ордуна жаңы директорду дайындаган. Бирок Абдылдаева сотко кайрылып, соттун бардык инстанциясы анын арызын канаттандырып, «кызматына кайра коюлсун» деген чечим чыгарган.  Бирок Улукбек Кочкоров соттун талабын аткарган эмес жана бир нече жолу суракка дагы барган эмес”, – деди жактоочу.

Reporter.kg экс-министр Улукбек Кочкоровго жана “карылар үй үнүн» азыркы директору Адилет Козубаевге микрафон сунууга даяр.

Белгилей кетсек, президенттин басма сөз кызматы «Улукбек Кочкоров берген арызына ылайык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду» деп 27-октябрда маалымат тараткан.

29-октябрда Кочкоров «Фейсбуктагы» баракчасына видео кайрылуу жүктөп, “өз арызым менен жумуштан кеткеним жөнүндө сиздер сыяктуу эле мен да интернеттен билдим” деген.

Өлкөдөгү саясий кризиске себепчи болгон 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого Кочкоров бийликтин “Биримдик” партиясынын алдыңкы тизмеси менен барган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>