Экс-премьер-министр ала качуу көйгөйүн чечүүнүн эң жөнөкөй жолун сунуштады

Экс-премьер-министр ала качуу көйгөйүн чечүүнүн эң жөнөкөй жолун сунуштады

Коомдук ишмер Феликс Кулов ала качуу көйгөйүн чечүүнүн жолун сунуштады. Бул тууралуу оюн ал социалдык тармак аркылуу бөлүштү.

Анын айтымында, буга чейин ал кызды никеге мажбурлап тургузуу көйгөйүн эң жөнөкөй жол менен чечүүнү сунуштап келген.

“Кызды ала качкан учурда, белгилеп кетейин, дароо ошол убакта кыз юридикалык жактан толугу менен мыйзамдуу түрдө ала качып бара жаткан баланын үй-бүлөсүнүн мүлкүнүн бир бөлүгүнө ээ болот. Ал кыз отуруп, ошол жакта жашап калабы же отурбай кетип калабы, айырмасы жок. Башкысы кыздын эркине каршы ала качуу фактысы болгонун гана далилдөө керек. Албетте, бул үчүн азыркы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болот. Муну менен бирге ата-эне баласынын кызды ала качып келем деген аракетине макул болордон мурда жүз жолу ойлонот деп ишенем”, — деп жазган экс-премьер-министр Феликс Кулов.

Ошондой эле, саясатчы мындай жол кызга жана анын ата-энесине келтирилген стресс үчүн акылга сыярлык компенсация болорун айткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ала качуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>