Эксперт Бишкектеги экология көйгөйүн чечүүнүн жолун айтты

Эксперт Бишкектеги экология көйгөйүн чечүүнүн жолун айтты

Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча кескин чараларды кабыл алуу керек. Мындай пикирин эксперт Белек Сарымсаков 7-февралда “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын демилгеси менен уюштурулган “Бишкек шаарынын экологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө эмне тоскоолдук кылат?” аталышындагы тегерек столдо билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын, архитектуралык кызматтардын, жарандык жана эксперттик коомчулуктун, эл аралык экологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында фракциянын лидери Адахан Мадумаров көйгөйлөр менен күрөшүү жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлбөй жатканын айтты.

Андан тышкары жыйында бир катар баяндамалар жасалып, сунуш-пикирлер айтылды. Алсак, эксперт Белек Сарымсаков Бишкек шаарындагы экология маселесин чечүүгө байланышкан демилгелери менен бөлүшүп, анын ичинен транспорт, жылытуу, шаар куруу, жашылдандыруу тармактары боюнча кескин чараларды кабыл алуу керектигин кошумчалады.

“Жасалма көлмөлөрдү куруп, калаада жашыл аймактарды көбөйтүү зарыл. Айрыкча белгиленген жер тилкенин 40%ын курулушка, 60%ын жашылдандырууга бөлүү эрежесин бекем сактоо абзел”, – деди эксперт.

Өз кезегинде “Кыргызстандын жашыл альянсы” уюмунун аткаруучу директору Ильгиз Камбаров маалыматтын жетишсиздиги жана тиешелүү мекемелердин кайдигерлиги көйгөйдү чечүүгө тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.

Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутат Таалай Усубалиев калаанын экология маселесин чечүүдө мэрия алсыздык кыларын эске салып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин көмөк көрсөтүүгө чакырды. Ал эми мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жасалып жаткан иштерге учкай токтолуп, айрыкча көгүлтүр от менен камсыздоо жаатында быйыл дагы 5 конуш газга туташтырыларын маалымдады. Алсак, калаанын тегерегиндеги 40тан ашуун конуштун 27сине көгүлтүр от киргизилген.

Мындан тышкары жыйында айлана-чөйрөнү коргоо жана экология маселелерине байланышкан мыйзамдык база тууралуу баяндама жасаган депутат Гуля Кожокулова укуктук нормативдик ченемдер жетишсиз деп олтура берүү туура эместигин эскертип, алгач колдонуудагы мыйзам талаптарынын аткарылышына басым жасоо керектигин кошумчалады. Анткени, талкуу учурунда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова мамлекеттик экологиялык көзөмөлдүү күчөтүү жаатында мыйзамдарга түзөтүү киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Жыйын соңунда бардык айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен атайын резолюциянын долбоору даярдалып, июнь айында дагы бир жолу жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>