Эксперт: «Уу-коргошун» медициналык жактан изилденген эмес, аны колдонууда этият болуш керек

Эксперт: «Уу-коргошун» медициналык жактан изилденген эмес, аны колдонууда этият болуш керек

Коронавирус инфекциясын «Уу-коргошун» (Ысык-Көлдөгү тамыр) менен айыктыра тургандыгы жөнүндө эч кандай далил жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге медициналык эксперт Айбар Султангазиев билдирди.

Анын айтымында, мындай комментарийлерди мамлекеттин биринчи адамдары бербеш керек, анткени дарылоонун илимий жактан изилденген жана негизделген ыкмалары бар. Коронавирустук инфекцияны дарылоонун Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген клиникалык көрсөтмөлөрү бар.

Албетте, көптөгөн адамдар, анын ичинде мен дагы өз өмүрүмдү сактап калуу үчүн коронавирусту ар кандай жолдор менен дарылоого аракет кылам. Ошондой эле кээ бир дарыларды колдонуп көрдүм, бирок алар тууралуу коомго  үн чыгарбоого аракет кылам, анткени бул дарылануунун тууралыгына жана бирөөнүн өмүрүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Мен «Уу-коргошун» жөнүндө көп билбейм. Бирок ар кандай ооруну дарылоо боюнча клиникалык изилдөөлөр жок экендигин бардыгы билишет. Дозаны ашыкча колдонуу өмүргө коркунуч келтириши мүмкүн деген маалымат бар, андыктан мындай сунуштарды бергенде этият болуңуз, — деди ал.

Эксперт кошумчалагандай, «Уу-коргошун» абактарда көп колдонулат.

Баңги заттарынын чектелгендигинен улам адам түрмөдө отурганда, алар өмүрдү сактап калуу үчүн ар кандай жолдор менен дарыланууга аракет жасаары түшүнүктүү, бирок мен жарандык сектордо медициналык мекемелер болгондо мындай нерсе болбошу керек деп ойлойм. Аны колдонууда өтө этият болуңуз деп кеңеш берет элем. Ошондой эле туура эмес маалыматты таратпоо керек. Саламаттык сактоо министрлиги адамдар дарыгерлердин көзөмөлүсүз дарыланбаганы боюнча ачык-айкын сунуштарды бериши керек, — деди Султангазиев.

Садыр Жапаров «Уу-коргошун» коронавирусту эки-үч күндө жок кыларын айтып, кайрылуу жасаган.

«Уу-коргошун» коронавирустан айыктырабы? — видео

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>