«Уу-коргошун» коронавирустан айыктырабы? — видео

«Уу-коргошун» коронавирустан айыктырабы? — видео

Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкек жана Чүй облусундагы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунуна даярдыгын текшерди. Бул тууралуу президенттин «Инстаграм» баракчасына жарыяланды.

Жапаров эч кандай карантинсиз эле абалдан чыгып кетебиз деген максат бар экенин жазган.

«Албетте, оорулуулар көп. Кудай буюрса, баары жакшы болот.

Сиздерден бир гана сураныч, дайыма эрежелерди сактап, бет кап кийип жүрүңүздөр. Оорунун белгилери пайда болору менен үйдө жатып албастан, дароо ооруканага жөнөңүздөр», — деген өлкө башчы.

Мамлекет башчы жарандарга кайрылып, оору башталганда эле ооруканага баруу керектигин жана дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышканын билдирген.

Садыр Жапаров айтып жаткан дары «Уу-коргошун».

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>