«Экстрадициялоого каршыбыз». Эсен Мажитовду бошотууну талап кылгандар Бишкекте митингге чыкты

«Экстрадициялоого каршыбыз». Эсен Мажитовду бошотууну талап кылгандар Бишкекте митингге чыкты

27-апрель күнү Бишкекте тышкы иштер министрлигинин алдында Баткендеги чек ара маселеси боюнча нааразылык ациясы өттү. Чогулгандар колдоруна “Эсен Мажитовго боштондук”, “Өлкө үчүн ар бир жаран баалуу”, “Мы против экстрадиции Эсена Мажитова в Таджикистан” деген жазууларды кармап турушту.

Кыргызстандагы чек ара маселесин көтөргөндөр бүгүн да митингге чыгышты. Акция тышкы иштер министрлигинин алдында өттү. Алар бийликтен көкөйгө көк таштай тийген көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү талап кылышууда. Маселен, жарандык активист Гүлжигит Исаков буларга токтолду:

“Бул жерде топтолгонубуздун себеби, кечээ жакында, 18-апрелде Орусия жергесинде күч менен кармалган жараныбыз Эсен Мажитовдун Тажикистандын сурагы боюнча камалганына жана экстрадициялоо башталганына байланыштуу чогулуп отурабыз. Коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге бурдуруу үчүн бул жерге келдик. Бир эле бул жарандарыбыз эмес, биз билбей калган Орусия, Казакстан дүйнөнүн башка жерлеринде кулчулука чейин дуушар болуп жүргөн жарандарыбызга көңүл бурдуруу үчүн топтолдук. Биз бир өлкө, бир мамлекет болгондон кийин жарандарыбызды коргоо керек. Ар бир жаранын коргой билген өлкө гана күчтүү мамлекет болот”.

Эске салсак, 2020-жылдын август айында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чырынан улам, алты киши жаракат алган. Анын төртөө кыргызстандык.

Белгилүү болгондой, анда Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан Эсен Мажитовдун үйүн тажик тарап өрттөп жиберген. Ушул окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара чатактары күчөп, ок атышууга чейин жеткен.

Маалыматтарга ылайык, Мажитов 18-апрель күнү Орусияга эмгек миграцияга жөнөп кеткен. Бирок ошол эле күнү аэропорттон Орусиянын күч органдары тарабынан Тажикстанга экстрадициялоо үчүн кармалган. Бул маселе боюнча кыргыз бийлиги эч кандай реакция кылбай жатат деп нааразы болду чогулагандардын бири Жамиля Насирова:

“Тажикстандагы биздин элчибиз Жаныш Рустанбеков иштебей жатат. Туугандар, кыргыз эч убакта бирөөнүн жерин баскан эмес. Келип эле кыргыздын жерин тытмалап жатышат. Эсен Мажитов өзүнүн жеринде там салса, анан анын тамын өрттөп жиберсе, эми үйүмдү тургузуп алайын деп Москвага барса, элчилик аркылуу жараныбызды кармаганы мыйзамсыз деп түшүнөбүз. Бир миллионго жакын кыргыз чет элде жүрөт. Бирөөсү жер шыпырып иштесе, бириси аргасыздан денесин сатса , бирөө камалып жатат. Ошолордун тагдырын өкмөт чечпей жатат. Башка мамлекетке жараныбызды чымчыктай кылып салып бербейбиз”.

Ошондой эле чогулгандар ушул жылдын 24- апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта үй салып жаткан жерден дайынсыз жоголуп, кийин тажик тараптан табылган Лейлек районунун Бешкент айылындагы эки баланын тагдыры тууралуу кеп козгошту.

Бүгүнкү митингдин катышуучусу Калысбек Жолалиев окуя боюнча күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө чакырды.

“Ушунча чек арадан өтүп келип жарандарыбызды жылаңач бойдон сүйрөп кетип жатса, бийликтегилер көңүл бурбаганынан эки күндөн кийин эл чыкса, анан тышкы иштер министрлиги нота жиберди. Калп эле иштеп жаткан түр көргөзүп жатасыңар. Силердин балаңарды сүйрөп кетсе чуркайсыңар. Өкмөткө кайрыларым Тажикстандагы Жаныш Рүстөмбеков эмне кылып отурат? Эч нерсе менен иштери жок отурушат”.

Тышкы иштер министрлигинин алдына уюштурулган нааразычылык акциясынын төрт катышуучусун атын атагысы келбеген мекеменин кызматкери сүйлөшүү максатында имараттын ичине алып кирип кетти. Митингге жалпысынан онго жетпеген киши катышты.

Кыргызстанда соңку кезде чегара чырына байланышкан митингдер байма-бай өтүп келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>