Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанда кармалып, Францияга экстрадициялады
29.05.2026 | 11:46

Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаранды Францияга өткөрүп берди. КРдин Башкы прокуратурасынын маалыматында, бул иш-чара БУУнун Трансулуттук уюмдашкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын негизинде ишке ашкан.
Франциянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, аталган жаран кылмыштуу топтун курамында чет элдиктердин Францияга жана Шенген аймагына мыйзамсыз кирүүсүнө көмөктөшкөн деп шектелүүдө.
Экстрадициялоо процесси КРдин Башкы прокуратурасы жана Интерполдун өлкөдөгү Улуттук борбордук бюросу тарабынан ишке ашырылган. Мекеме кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо боюнча чет мамлекеттер менен кызматташтыкты улантарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Башкы прокуратура, Франция