Сокулукта айылдаштар чатакташып, бир адам октон каза болду. Чоо-жайы

Сокулукта айылдаштар чатакташып, бир адам октон каза болду. Чоо-жайы

Сокулук районунун Жаңы-Жер адам өлтүрүү фактысы катталганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

22-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарындагы клиникалык ооруканага Жаңы-Жер айылынын тургуну, 1954-жылы туулган А.А.нын курсагына ок тийип, жансыз денеси жеткирилгени маалымдалган.

Дагы бир тургун, 1986-жылы туулган Г.М да октон жараат алып жеткирилген.  Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты Сокулук райондук милициясында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар ​​болгондугу аныкталган.

«Окуяга катышкан эки тарап тең бир улуттан, алардын ортосунда мурда эч кандай чыр-чатак болгон эмес. Учурда окуянын бардык катышуучулары аныкталып, бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иликтөөнүн жүрүшү жана жүргүзүлүп жаткан бардык иштер ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө. Бардык тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин кошумча маалымат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>