Элчилик: Кыргызстанга чартердик каттам менен 372 жаран учуп кетти

Элчилик: Кыргызстанга чартердик каттам менен 372 жаран учуп кетти

Москва шаарынан Кыргызстанга чартердик каттам менен 372 жаран учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 26-майда кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган каттам менен 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү 319 кош бойлуу аялдар жана 2 жашка жете элек балдары бар 53 эне мекенине жөнөтүлгөн.

“Бардык кош бойлуу аялдар буга чейин чартердик каттам менен учууга уруксаат кагаздарын тапшырышкан. Ушул эле каттам менен “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору “бизнес-класс” багытынан орун алган 26 жаран жөнөтүлдү. Алар ден соолугу начар жарандар, ошондой эле жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу жолго чыккан аялдар. Мындан сырткары, Орусия тарабынан бул каттам менен Орусиянын 5 жараны кошо учкан”, – деп айтылат маалыматта.

Аталган авиа каттам менен учуучу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы тарабынан сунушталып, Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү, дарыгер, жана юристтер кирген байкоочу кеңештен турган Жумушчу топтун жыйынында бекитилген.

Штаб белгилегендей, Кыргызстанга учуп келүү үчүн кезекте дагы 1500дөй жаран турат. Алар июнь айынын ичинде мекенине жөнөтүлөт. Элчилик Кыргызстанга автобус менен кетүү тууралуу тарап жаткан жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>