Элчилик: Орусияда полиция кыргыз жаранына күч колдонгон

Элчилик: Орусияда полиция кыргыз жаранына күч колдонгон

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Хорошевский районунун милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулган 21 жаштагы кыргыз жараны экени тастыкталды. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуя Москвада 2021-жылдын 2-ноябрында болгондугу аныкталган. Окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, Орусиянын ИИМнин Москва шаарынын Хорошевский районундагы полиция кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү айтылды.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Орусиянын полиция кызматкерлери белгисиз жаранга карата күч колдонуп жаткандыгы тууралуу видеотасмага тараган болчу.

Орусия: Полиция кыргызстандыкты мыкаачылык менен сабады — видео

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>