«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирдиКочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулдуКөңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынатНепалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти«100 ишкана түзөбүз»: Темир Сариев Кытай менен өнөр жай бирлигин курууга чакырды
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан 2,9 млрд метр кубга аз
03.11.2021 | 16:19
Күз-кыш мезгилинин башына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан 2,9 миллиард метр кубга аз болду. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.
Анын айтымында, 3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,9 млрд кубометрди түздү.
“Ал эми суу сактагычтын суу ресурстарын сактап калуу жана күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында Бишкек ЖЭБине жүктөмдү жогорулатуу жана Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергиясын өз ара камсыздоо пландалууда”, – деди Талайбек Байгазиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом