Ош шаарында калкы тейлөө жана унааларды каттоо бөлүмдөрү бир имаратта ачылды
Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүндө эки мамлекеттик мекеме жайгаша турган комплекс ачылды. Комплекс эки блоктон туруп, анда транспорт каражаттарын каттоо жана калкты тейлөө бөлүмдөрү жайгашты.
Имараттын ачылыш аземине президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев катышты.
Эки кабатуу комплекстин курулуш иштери президенттин фондунун жана Иш башкармасынын каражаттарынын эсебинен каржыланган.
Имараттын А блогунда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Ош аймактык бөлүмү жайгашты. Анда автоунааларды каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү кызматтары көрсөтүлөт. Бөлүмдө техникалык кароо тилкеси, 60 орундуу күтүү жана 62 орундуу теориялык экзамен залдары бар. Практикалык экзамендерди тапшыруу үчүн аянты 8 500 чарчы метрди түзгөн автодром салынган.
Ал эми Б блогунда «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борбору жайгашкан. Аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн имаратта 42 адис күнүнө 1 500гө чейин жаранды тейлөөгө ылайыкташкан. Биринчи кабатында тейлөө залы, электрондук кезек системасы, эне жана бала бөлмөсү, касса жана паспорт берүү бөлүмү, экинчи кабатында архив орун алган.






