Банктар сентябрда курулушка 12,3 миллиард сомдук насыя бердиАмирдин өлүмү. Бишкекте Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун мурдагы башчысы камакка алынды1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыктыБанктар сентябрда 63,4 миллиард сомдук жаңы насыя бердиБишкек менен Ошто муниципалдык жерлерди ижарага берүү эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаКыргызстанда үй-бүлөлүк талаштар боюнча сотко кайрылууну жөнөкөйлөтүүнү каалашат
Электр чыгырык менен жол эрежесин бузгандарга айып салынат
14.06.2024 | 09:20
Электр чыгырык (электросамокат) тепкендерди көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынды. Ага президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 24-апрелде кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстанда электр чыгырык жана башка мобилдүү каражат (электрскейтборд, гироскутер ж.б.) менен жол эрежесин бузгандарга 1000 сом, мас болуп айдагандарга 3000 сом айып пул салынат.
Документке ылайык, электр чыгырыктар (ж.б. мобилдүү каражаттар) атайын бөлүнгөн тилке же сызык боюнча, ал жок болгон учурда кыймылдын багыты боюнча жолдун жээгинин оң чети менен жүрүшү керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом