Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Электр энергияны калыбына келтирүү иштери башталды
25.01.2022 | 13:56
Кыргызстандын энергетика системасы Борбор Азиянын Бириккен энергетикалык шакегиндеги авариялык учурдан кийин этап-этабы менен калыбына келе баштады. Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы менен энергетикалык компаниялар энергия менен камсыздоону этап-этабы менен калыбына келтирүүнү баштады. Республиканын ири өнөр-жай ишканалары нормалдуу иштеп жатат.
Алдын ала маалым болгондой, Борбордук Азиянын энергетикалык системасындагы авария региондун энергетикалык системаларынын биринде болгон. Электр системасын этап-этабы менен калыбына келтирүү бир нече саатка созулушу мүмкүн. Авариялык өчүрүүнүн жагдайлары иликтенүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар